Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 61/XI-27
Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып жана Кант шаардык мэриясынын «Кант шаарынын 2018-2019-жылдардын жылытуу мезгилине турак жай-коммуналдык чөйрөсүнүн даярдыгы жөнүндө» маалыматын карап
«Кант жылуулук менен камсыздоо» МИсы 2018-2019-жылдардын жылытуу мезгилине 45414,70 Гкал иштетүүнү мерчемдөөдө, «ТШП» ААКнан 14590,72 Гкал жылуулкту сатып алышат. Керектөөчүлөргө29105,59 Гкал кое берилип, анын ичинен калкка - 23115,25 Гкал берилет; бюджетке жана башкаларга 5990,34 Гкал. Кант шаары үчүн жылытуу мезгилинен ченемдик улануусу 136 күндү түзөт. 2017-2018-жылдардагы фктылык жылытуу мезгили 136 күнгө 04.11.2017-19.03.2018-ж.чейин уланган.
2018-жылдын оңдоо, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө 8288,9 миң сом өлчөмүндө чийки заттарды жана материалдарды сарптоо, капиталдык оңдоп-түзөөгө 4223,9 миң сом жумшоо мерчемделүүдө. Бүгүнкү күндө иш 6001,55 миң сомго аткарылды. От казандарын оңдоого-4223,9 миң сом, күнүмдүк оңдоо-3351,02 миң сом,1008 жылуулук трассасы-1507,636 миң сомго оңдолду. От казандары жана жылуулук трассасы 100%га оңдолду.
10 07. 2018-жылга мазут – 863,434тн., көмүр–36,141тн. даярдалды.
Алдыдагы жылытуу мезгилине пландалган талабы: мазут сактоочу жайдын ишин кошкондомазут – 3296,9 тн.Мындан тышкары «ТШП» ААКнан сатылып алынган жылуулук энергиясын №10-от казандарынан токтоосуз берүү үчүн альтернативдик отунду (мазут) 3343,0 тн эсепке алуу кажет;көмүр–335,6тн.
Жергиликтүү бюджеттен 310тн. көмүр, 760тн мазут алуу үчүн сынак өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр аныкталып, келишим түзүлүп, ташып жеткирүү күтүлүп жатат.
Газга болгон талап-3346,6 миң мз түзөт. «Көгүлтүр от үчүн » жылытуу мезгилинде 59100,0 миң сом (салыгын кошкондо) төлөө керек. «Кыргызгазпром» жеткирилген газга ай сайын алдын ала төлөм жүргүзүүнү талап кылууда. Бул бюджеттик мекемелердин жана калктын жылуулук үчүн өз убагында төлөм жүргүзүү шартынан кийин гана аткарылышы мүмкүн. «ТШП» ААКнун талабына ылайык Кант шаарындагы 2-3-кичи райондоруна жылуулук берүү жылытуу мезгилинен мурун алдын ала төлөө менен жүргүзүлөт. Сатып алынган жылуулук энергиясынын эсеби 21963,0 миң сомду түзөт. Кант ЖБИнын электрэнергиясына мерчемделген бир жылдык муктаждыгы 3926,4 миң кВт/саатты, отун түрүндө электрэнергияга болгон муктаждыгы-915,065 миң кВт/саатты түзөт.
Кант ЖБИсы 2-3-кичирайондорун жылуук менен камсыздоо үчүнмодулдук от казандарды орнотуу (БМКУ 14 Мвт) катуу отунга 12 Гкал\саат кубаттуулугу орнотулган (эсептелген кошулган күч 4 Гкал\саат) курулуш долбоорун ишке ашыруу аракеттери жүргүзүлүп жатат. Долбоордун алдындагы иштер аяктап, от казандарын жана 1340м. жылуулук трассасын долборлоого сынак жарыяланды. Долбоорду тартуунун экономикалык натыйжасы 41712,2 сом.
Жылуулук берүү системасын аймактык өнүктүрүү боюнча программасын «2018-2023-жж. Жылуулук берүү системасын кичи жана орто шаарларда өнүктүрүү боюнча КР Өкмөтүнүн Программасы» долбооруна кошулуу үчүн «Кант жылуулук менен камсыздоо» МИсы ЖӨБО менен макулдашты. Программада 1 МВТ от казандарын куруу, №13а,14а,15а, 19а,19б үйлөр, жаңы курулуп жаткан Кант шаарынын Гагарин көчөсүндөгү (20а,21а,22а) үйлөр газ менен (резервдик отун-мазут)жылуулук берүү, экономикалык натыйжалуулугу 1573,9 тыс. сом\жыл. Даярдык мерчеминде Кант шаардык мэриясынан от казандарын куруу үчүн жер тилкесинин бөлүнүншү жөнүндө чечим алынган. Долбоордук документештирүүгө руксат кагаздары даярдалууда.
Бюджеттик мекемелердин 2018-жылдын 17-сентябрына чейинки дебитордук карызы: республикалык бюджет – 727,7 миң сом, жергиликтүү бюджет – 0, башка мекемелер – 20 миң сом, калк- 2075,0 миң сом.
Начисление за тепловую энергию за сезон 2017 – 2018 –жж. Жылытуу мезгилинде калктын жылуулук энергиясына кошуп эсептөө23435,9 миң сомду түзгөн. калк арасында дебитордук карыздарды өз учурунда жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Карыздардын төлөө боюнча кагаздар таратылып, «Жеңиш Туусу-Знамя-Победы» гезитине жылуукка өз учурунда төлөө боюнча маалыматтар чыгып турат. Кант ЖБИсы үстүбүздөгү жылы акча чогултуу боюнча жалпысынан планды 142,9%га аткарды, калктан чогултуу 104,5%га аткарылды. Соцфонд, айлык-маяна, РЭС, «ТШП» ААКна, «Газпром Кыргызстанга» ишкананын карызы жок.
Жогорудагы баяндаманын негизинде
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын «Кант шаарынын 2018-2019-жж. жылытуу мезгилине турак жай-коммуналдык чөйрөсүнүн даярдыгы жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кант жылуулук берүү ишканасынын директоруна (Тагаев Н.К.):
- Жылытуу мезгилине отун даярдоо иштерин күчөтсүн жана жылуулук энергиясынын үзгүлтүксүз берилүүсүн камсыздасын;
- бардык жылуулук системаларынын жана аварияларды, кокустуктарды жана өрттү эскертүү максатында шаймандардын ишке берилишин такай көзөмөлгө алууну ишке ашырсын.
3. Кант шаарынын мэриясы кант шаарындагы муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын жылуулук энергиясына болгон төлөмүн ай сайын камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Кант шаардык кеңешине 2019-жылдын 15-мартынан кечиктирлбей берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |