Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 63/XI-27
Кант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып жана Кант шаардык мэриясынын «Кант шаардык мэриясынын инвестиция тартуу боюнча иштери жөнүндө» маалыматын талкуулап, инвестиция тартуу боюнча белгиленген иштер жүргүзүлүп жатат:
Советская көчөсүндө жалпы аянты 16731,0 кв.м. болгон үйдүн (көп батирлүү) курулушу улантылууда. Курулушту «Эмарк Строй» ААКу жүргүзүп жатат. Учурда «А» блогу колдонууга берилди. Башка блоктор боюнча ички жасалгалар жасалууда. 59,0 млн.сом чыгымдалды.
Гагарин көчөсүндө жалпы аянты 6807,0 кв.м. болгонүйдүн (көп батирлүү) курулушу улантылууда. Курулушту «Алтын курулуш» ААКу жүргүзүп жатат. Учурда курулуш иштери жүрүүдө. 81,6 млн.сом чыгымдалды.
2018-жылдын июль айында Ленин көч.№12 “Байэл” турмуш-тиричилик дүкөнүнүн 2-кабатынын расмий ачылышы болду. 2 жумушчу орун түзүлүп, салым 1,8 млн. сомду түздү.
Панфилов көчөсүндөгү АЗС автожуугуч жайга алмаштырылды. Жеке каражаттан жалпы 700,0 сом чыгымдалды. 3 жумушчу орун түзүлдү.
Куренкеев көчөсүндө конок үйү, мончо ачылды (ЖИ Хабирова), 10 жумушчу орун түзүлүп, жеке каражаттан жалпы 1,5 млн.сом сарпталды.
Ленин көчөсүндөгү ЧП «Бекназаров Ж.» «Алтын Аяк» кафеси өзүнүн жеке каражатынан курулуш иштерин жүргүзүүдө. Чыгымдалган каражат 2,0 млн.сомду түзөт.
Ленин көчөсүндөгү «Анталья» (кайра куруу) аяктады.Дурсуновдун жеке салымы 5,0млн.сомду түзгөн. 25 киши жумуш орду менен камсыздалды.
«Газпром Кыргызстан»ААКнун жеке каражатынан ВПЗ резервуардык парктын курулуш жүрүп жатат. 1,0млн.сом чыгымдалды.
Гагарина көчөсүндө конок үй ачылды (ЖИ Чегиева), 7 жумушчу орун түзүлдү, жеке каражаттан жалпысынан 1,5млню.сом жумшалды.
2017-жылга салыштырмалуу инвестиция тартуунун өсүү темпи 168,23%ды түздү.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын «Кант шаардык мэриясынын инвестиция тартуу боюнча иштери жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясына:
- Кант шаарынын жашоосун камсыздоо системасы, кайра жасалгалоо, обьекттерди көрктөндүрүү боюнча алгачкы программаларды жана долбоорлорду каржылоого инвестиция тартылсын;
- 2018-жылдын 50октябрына чейин «Алтын курулуш» ААК, «Эмарк Строй» ААКнун келишим документтеринин көчүрмөсү берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат квант шаардык кеңешине 2018-ж. 3-декабрынан кечиктирилбей берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөКант шаардык кеңешинин ишкерликти өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Абинов Р.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |