Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 65/XI-27
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билимберүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, тартип сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралары жөнүндө”маалыматын карап чыгып
Ысык-Ата райондук ИИБнүн 2018-жылдагы планына ылайык ишмердүүлүгү коомдук тартипти сактоого, алдын алууга,райондун жана шаардын аймактарында кылмыштарды жана укук бузууларды ачууга багытталган.
Шаарды калк менен 15 аймактык тескөөчүлөр иш алып барышат.
Коомдук тартипти сактоону камсыздоодо милициянын аймактык тескөөчүлөр өзгөчө иш жумшашат. Шаарда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунуналдын алуу боюнча 3 инспектор иштейт.
Бектилген иш планга ылайык Кант шаарында 2018-жылы мектеп окуучулары менен 417 жолугушуу болгон. Ар бир мектепте кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча стенддер илинген. 2018-жылдын башынан бери алдын алуу учетунда 7 өспүрүм турат.
Отчеттук мезгилде Кант шаары боюнча 3 кылмыш иши катталып бети ачылган: 3 уурулук богон.
2018-жылы Кант шаары боюнча жалпысынан 43 кылмыш иши катталган ,анын ичинен 12 уурулук, каракчылык-2, алдоо-7, адам өлтүрүү-2, денеге оор залал келтирүү-1, тентектик-3, башкалар-16.
7871адамды камтыган 3071 үй текшерилген. 72 арыз, кат жана арыздануулар каралган.
Отчеттук мезгилде ТЫМ жана ЖККК 372 жалпысынан материал жана административдик укук бузуулар каралган.
Укук бузгандарга сөгүш жана жаза берүү боюнча мэриянын астында коомдук-профилактикалык борбор жана аксакалдар соту бар. РИИБнөн түшкөн материалдар жана жарандардын арыздарынын негизинде жыйналыштар болуп турат. Бул аралыкта КПБдун жана аксакалдар сотунуну биргелешкен 3 отуруму болуп, 6 материал каралды.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын “Кант шаарындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу, тартип сактоо жана укук бузууларга каршы күрөшүүнү күчөтүү боюнча чаралары жөнүндө”маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы ички иштер бөлүмү, райондук билим берүү бөлүмү жана жалпы билим берүү мекемелеринин башчылары менен бирдикте:
- балдарды жана өспүрүмдөрдү бош убактыларында жана каникулдарда ата-энелер коомчулугуна тартуу уюштурулсун;
- «мектеп рэкети», балдардын өз жанын кыюусу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана тартип бузунун алдын алуу боюнча маалымат-түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;
- укук коргоо органдары менен биргеликте 2018-2019-жж. Коомдук тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыксын;
- коомдук тартипти калыпка келтирүү боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, туруктуу жашаган жери жок адамдар топтошкон жайларда рейддик иш-чаралар жүргүзүлсүн;
- турмуштук оор абалга кабылган, балдарга жасалган катаал мамиле жана зомбулуктарды өз учурунда бетин ачуу жана учетко алуу иштери күчөтүлсүн.
3. Кант шаарынын мэриясы бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Кант шаардык кеңешине 2018-ж. 3-декабрынан кечиктирилбей берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билимберүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына (Кадыров У.А.) жүктөлсүн..
Төрага | А. Шайлдабеков |