Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 68/XI-27
Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 16.09.2018-ж. №01-14/575 спорттук түзүмдөрдү алуу, даярдоо жана орнотуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө катын карап чыгып
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы 2018-жылдын башындагы бюджеттик каражаттын эркин калдыгынан 100,0 (жүз) миң сом өлчөмүндө көмөкчү грант катары (спорттук түзүмдөрдү алуу, даярдоо жана орнотуу үчүн) акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча маалымат Кант шаардык кеңешине 2018-ж. 22-октябрынан кечиктирилбей берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |