Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 69/XI-27
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаарынын мэриясынын “Кант-Тазалык” муниципалдык мекемесинин ишмердиги жөнүндө” маалыматын карап чыгып
“Кант-Тазалык”мекемеси Юстиция министрлигинен 02.12.2009-ж. өтүп, 2010-жылы түзүлгөн.Ишкана макулдашылган Уставдын негизинде мэриянын алдындагы мекеме болуп эсептелет. Өзүнүн чарбачылык ишмердүүлүгүндө “Кант-Тазалык” мекемеси уставдын менен иш алып барып, Кант шаарынын бюджетинен каржыланат.
Мекеме Кант шаарынын мэриясы тарабынан бекитилип берилген каржылоо лимити жана иштелип чыккан пландардын негизинде каржы-экономикалык жана чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзөт.Мындан тышкары “Кант-Тазалык” мекеменин Уставында каралган жумуштун түрлөрү менен башка чарбалык субьекттер жана жеке жактар менен келишимдик негизде каржы-чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзө алат.
“Кант-Тазалык” мекемесинин негизги ишмердүүлүгү болуп көчөлөрдү тазалоо, таштандыларды чыгаруу, аймакты жакшыртуу жана жашылдандыруу болуп эсептелет.
2018-жылдын январь айынан тартып 2018-жылдын август айына чейинки отчеттук учурда төмөнкү иштер жасалды:
- Бекитилген графикке ылайык шаардын негизги көчөлөрүндө(Ленин, Гагарин, Панфилов, Абдраимов, Куренкеев, Октябрь, Пушкин, М.Горький ж.б.) күн сайын тазалоо иштерин жүргүзүү. Борбордук “Жеңиш паркынын” жана ага тиешелүү аймактарды күн сайын тазалап жыйноо;
- 1400м3 аянттагы 29 чоң жана башаламан таштандылар жок кылынды.
- Кышкы убакта муз тазалоо, жолго кум, туз чачуу жүргүзүлүп, ошондой эле 235 атылган итти көмүүгө турган орун даярдалды.
1. Көчөлөрдү жарыктандырууда шам чырактар оңдолуп, 120 даанасы алмаштырылып, 25 электрэсептегич, 3 фазалуу эсептегичтер, 40-А магниттик кое бергичи-35, 25-А 38 даана алмаштырылган жана 39956 сомгож.б. жумуштар жасалган.
2. Жаз мезгилинде бактардын көчөттөрү жана гүлдөр отургузуу иштери жүргүзүлдү. 200 түп терек, 150 кара жыгач, 35 арча, 16 түп сосна отургузулду. Бактар акталды. Шаардын борборуна, “Жеңиш” паркына 1300 роза гүлү отургузулуп, ошондой эле шаардык мекемелерге жана шаар тургундарына бактын, бадалдын көчөттөрү таратылып берилген. Шаарды жашылдандырууга 162 миң сомго гүлдөр сатылып алынган. Мекмелерде аталан өсүмдүктөрдү күн сайын сугаруу жүргүзүлүп турат.
3. Дачная, Ленин көчөлөрүндөгү ДККлар тазаланып, суунун агып өтүүсүнө тоскоолдук жараткан бактар кыйылды.
Жай мезгилинде “Кант-Тазалык” мекемеси 75 жол түркүгүн, Ленин, Гагарин, Абдраимов көчөлөрүндөгү 3000м2 жол жээгин, Кант шаарындагы 2500м2 жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол белгилерин сырдады. 69 миң сомго акташ жана сыр сатылып алынган.
Күзүндө кургак жалбырактарды, бактардын кургак кесиндилерин жыйноо, арыктарды тазалоо, көчө шамдарынын жануусун текшерүү, электрэсептегичтерди алмаштыруупландалууда. Кыш мезгилине атайын техникаларды даярдоо жана оңдоо.
Ишканакалкка жана райондук мекемелерге булганычтарды тазалоого, бала бакчалардагы казылган аңдарды сордуруу жана тазалоого, бактарды кыюуга жардам берип, аза кызматын (көр казуу, жакындары жокторду көмүү, өлгөндөрдү каттоо) көрсөтүшөт. Отчеттук мезгилде 95 адам каза болду, анын ичинен 9 адамдын туугандары жок.
“Кант-Тазалык” мекемесинде тазалык иштерин жүргүзүүүчүн үч контейнеровоз, бир самосвал, сордуруучу унаа, жүктөөчү экскаватор, мунара, суу ташуучу жана “Жай-кыш” айкалышкан унаа бар. Ишкананын эмгек жамааты 67 адамды түзөт.
2018-жылдын 8 айында чогулган каражаттын көлөмү2 511 126 миң сомду түздү, ошол эле учурда калктын төлөмү 1 507439 миң сом, мекемелердики 1 003687 миң сом.
Жалпысынан отчеттук мезгилде 8413 м3 таштанды чыгарылган. “Кант-Тазалык” мекемеси 2038 жеке тармактагы үйлөрдүн жашоочуларын, 1-2-3-кичирайондун калкын, МИСтин борбордук короо-жайы, Сахзавод аймагы, Молодежный, спорт комплекси, жалпысынан 21 миң абонентти тейлейт. Таштандыларды жыйноого 345 даана контейнер жайгаштырылган, анын ичинен 150 контейнер жаңы коюлса, 92 контейнер эсептен чыгарылган.
Шаарда жайгашкан ишкана ,уюм жана ЖИлар таштандыларды чыгарууда түзүлгөн келишимдин негизинде тейленет. Жалпысынан 134 мекеме жана ЖИ тейлөөдө турат.
Муниципалдык мекемелерден (мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекси) 570 м3 45 каттам таштандылар чыгарылган. Мэрияныкы (парк, табигый таштандылар) 1935м3. Жалпысынан бюджеттин эсебинен 2247м3 чыгарылган.
Жалпысынан Кант шаарынан 9932м3 таштанды чыгарылды.
«Кант-Тазалык» мекемеси чыгарылган таштандыларды Гагарин айылындагы санкцияланган таштандыга алып барат.
Бюджет : чогултулду 2 511 126 миң сом ,анын ичинен калктыкы-1 507 439 миң сом, мекемелердики-1 003 687 миң сом.
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясынын «Кант-Тазалык» мцниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясы:
- «Кант-Тазалык» ММнин ишин жана ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн кату чара кабылалсын;
- «Кант-Тазалык» ММнин Кант шаарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча негизги иш-чараларынын планын аткарууну камсыздасын;
- Кант шаарын санитардык тазалоо жана катуу жана турмуш-тиричилик калдыктарын өз учурунда чыгарууга туруктуу мониторинг жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча Кант шаардык кеңешине 2018-жылдын 3-декабрынан кечиктирилбей маалымат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |