Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 70/XI-27
Шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап, “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнун директору М.Т.Кенжеевдин «Маркетинг-Сервис»ЖЧКнун калкты таза суу жана агын сууларды кабыл алуу камсыздоо боюнча ишинин абалы жөнүндө» маалыматы менен таанышып, белгиленген иш байкалат.
«Маркетинг-Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому муниципалдык мүлктү ижарага алуу келишиминин негизинде Кант шаарында чарбалык турмуш тиричилик багытында суу берүү жана агын суу боюнча шишмердүүлүгүн жүргүзөт.
Суу менен жабдууну жакшыртуу, агын сууларды кабыл алуу жана тазалоо үчүн 2018-жылдын 1-январынан 31-августуна чейинки мезгилде «Маркетинг-Сервис» ЖЧКу өз каражатынан төмөнкү иштерди жүргүздү:
Күндөлүк оңдоо-жалпы 163 729 сом өлчөмүндө, анын ичинен:
Суу жабдыктары боюнча – 94 187сом.
Канализация боюнча –69 542сом.
Суу жабдыктарын жана суу бөлүп берүү системаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү – жалпы 112492 сом өлчөмүндө.
2018-жылдын 8 айында ишкана бюджетке 1 638 165 сом өлчөмүндө бюджетке салык төлөгөн.
2018-жылдын 8 айында суу түтүктөрүндө 155 тешик калыбына келтирилип, канализация тармагында 149 тыгынды тазаланды.
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Маркетинг-Сервис” ЖЧКнун директору М.Т.Кенжеевдин «Маркетинг-Сервис»ЖЧКнун калкты таза суу жана агын сууларды кабыл алуу камсыздоо боюнча ишинин абалы жөнүндө» маалыматы эске алынсын.
2. «Маркетинг-Сервис» ЖЧКна тапшырылсын:
- калкты үзгүлтүксүз таза суу менен камсыздоо максатында, канализация тармагындагы суу түтүктөрүн пайдалану көзөмөлдөнүп, өз убагында профилактикалык текшерүү жана техникалык жабдууларды оңдоо жүргүзүлсүн;
- таза суунун сапатынын коопсуздугун камсыздоо үчүн суу жабдыктары жана канализацияны пайдалануу, агын сууларды тазалоодо техникалык талаптар бекем сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин шаар курулуш, өнөр жай, унаа, коммуникация жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Сулайманов Н.И.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шайлдабеков |