Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-сентябры № 72/XI-27
Бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин жана Кант шаардык мэриясынын 19.09.2018 ж. №01-14/579- резеврдик насосторду жана жыштык өзгөрткүчтөрдү алууга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаардык мэриясы 2018-жылдын башындагы бюджеттик каржаттын эркин калдыгынан резеврдик насосторду жана жыштык өзгөрткүчтөрдү алууга 1 (бир) млн. сом бөлүп берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча Кант шаардык кеңешине 2018-жылдын 5-декабрынан кечиктирилбей маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана каржы туруктуу комиссиясына (Коджакматов М.К.) жүктөлсүн
Төрага | А. Шайлдабеков |