Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-январы № 20/1
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана айыл чарба жана айыл чарбасы эмес багытындагы жерлердин жер салыгынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө материалдарын карап чыгып жана талкуулап Кызыл-Дыйкан айылдык Кенеши токтом кылат:
ТОКТОМ :
1. Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын башчысы А.К.Манаповдун 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп кабыл алынсын.
2. 2018-жылдын 1-январынан баштап Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын территориясында айыл чарба эмес багытнындагы жерлердин жер салыгын эсептөөдө К1 коеффиценти колдолунсун жана айыл чарба жерлеринин салык өлчөмү 2017-жылдын базасында, айдоо жердин 1 гектарына 342 сом, кайракы жердин 1 гектарына 71 сом деп калтырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Джыбыкеев |