КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июну № 23/1
Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын балансындагы Новый путь колхозунун эски конторунун имаратын бузууу жөнүндө
Кыргыз Респубдликасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5 бөлүмүн 19 беренесинин негизинде жана Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү койгон, Жайыл райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2018-жылдын 11-июнундагы имаратты астын ала изилдеп чыгарган техникалык корутундусун карап чыгып Кызыл-Дыйкан айылдык кенеши токтом кылат:
ТОКТОМ :
1. Новый Путь колхозунун эски конторунун имараты бузулсун жана анын жанына курулган жаңы оорукананын айлана-чөйрөсү көрктөндүрүлүп, тазалоо иштери жүргүзүлсүн.
2. Курулуштун эски материалдарын жаңы оорукананын айланасын коргоо иштерин сарпташсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Т. Джыбыкеев |