Редакцияот 06.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 6-августу № 24/2

Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын кандидаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Айыл өкмөтүнүн Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын кандидаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө материалдарын, кандидаттарды сунуштаган айыл тургундарынын жана эмгек коллективдеринин жыйындарынын протоколдорун карап көрүп жана талкуулап, “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын № 62 Мыйзамынын 19 беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө Жобо” тууралуу № 7 Токтомун аткаруу максатында Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңеши токтом кылат

ТОКТОМ:

1.Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын №7322 жана №7323 участкалык шайлоо комиссияларынын сапаттык тизмеси бекитилсин(№7322 жана №7323 УШКнын сапаттык тизмеси тиркелет).

2.Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын №7322 жана №7323 участкалык шайлоо комиссияларынын сапаттык тизмеси жана айыл тургундарынын жана эмгек коллективдеринин жыйындарынын протоколдору Жайыл районунун аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү милдети Кызыл-Дыйкан айыл аймагынын жооптуу катчысы-Н.Б.Осмонкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Джыбыкеев