Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-ноябры № 3
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мериясынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетине кошумча киреше түшкөндүгүнө байланыштуу, Исфана шаар мэриясынын Аппаратынын резервдик фондунун 2824-статьясына 30 000 сом, 2215-статьясына 100 000 сом, балдар бакчасынын 2215-статьясына 24 000 сом, Жайыт комитетинин 2215 статьясына 121 000 сом, Муниципалдык менчик департаментинин 2221-статьясына 350 000 сом, 3111-статьясына 174 000 сом, 2215-статьясына 100 000 сом, мектептердин 2215-статьясына 37 000 сом кошумча смета бекитилип берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |