ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 89/14-27
Орловка шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы туралуу жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 313- беренесинин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин ишке ашыруу боюнча планы, Кыргыз Республикасынын “Жоруктар жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексин, Кыргыз Республикасынын "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын турмушка ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17 октябрындагы №01-18/126 буйругунун негизинде, Орловка шаарынын Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы туралуу жобо, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын мэриясынын укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы, төмөнкү курамында түзүлсүн:
- Кириллов М.И. – комиссиянын төрагасы
- Сатыбалдиева М. – комиссиянын катчысы
- Мамаев К.Ч. – комиссия мүчөсү
- Кудайбергенов А. - комиссия мүчөсү
- Темирканов Т. - комиссия мүчөсү
- Джумалиев К. - комиссия мүчөсү
- Сатыбалдиев А. - комиссия мүчөсү
- Рахматов Б. - комиссия мүчөсү
- Токтокунов Н. - комиссия мүчөсү
3. Мындан ары жогоруда көрсөтүлгөн комиссиянын курамын түзүү жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү Орловка шаарынын мэрине – Б.А.Чанчаровка жүктөлсүн.
4. “Бузуулар жөнүндө” кодекси күчүнө киргенден кийин комиссия укуктуу.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын мэрине –Б.А.Чанчаровка жүктөлсүн.
Төрага | Д.С. Сарбаев |