ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 90/14-27
Орловка шаарынын Кеңешинин депутаттарынын этикалык кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамынын 8-1 беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин, абройун жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана эл алдында чыгып суйлөөсү этикалык эрежелерин аныктоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик Агенттигинин 2018-жылдын 24 июлундагы №01-18/89 буйругунун негизинде, Орловка шаарынын Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Кеңешинин депутаттарынын этикалык кодекси, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын Кеңешинин депутаттарынын ишмердүлүгүн жана этика боюнча көзөмөлдөө комиссиясы бекитилип жана төмөнкү курамында түзүлсүн:
- Абираев А. – комиссиянын төрагасы
- Егорова Н. – комиссиянын мүчөсү
- Галиев Н. - комиссиянын мүчөсү
- Кирибаева Г. - комиссиянын мүчөсү
- Сатыбалдиева М. – комиссиянын катчысы
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө жүктөдүм
Төрага | Д.С. Сарбаев |