Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 15-01
З.Розахунова атындагы орто мектебинин директору А.Юсупов мектептин 2017-2018-жаңы окуу жылына даярдык жана кышка даярдык боюнча маалымат берди. З.Розахунова атындагы орто мектебинин окуу боюнча окуучулардын билими жакшы, андан сырткары талим тарбиясы бираз жакшы, себеби мигранттардын, ажырашкан ата-энелердин балдары бираз тарбиясы начар. Мектепте жаңы ажаткана курулду. Спорт зал маселе ремонтко муктаж, азыркы учурда жаңы спорт зал порталга берилип, ремонт иштери жүрүп жатат. Эски спорт залды стимгрантка берип жаңыласак деген ойдо аракет жасап жатабыз. Мектептин ичиндеги лампочкаларды алмаштыруу зарыл. Балдарга ыссык тамак берүү маселеси кыйын болуп жатат. Кайра бөлүштүрүү фонду жерлеринен жер берин деп арыз жазганбыз, бирок ушул күнгө чейин жер берилген жок, жер сурашыбыздын себеби мектептин проблемаларын чечүүгө жардам болот. Мектебибиз кышка даяр, Района да мектепке ремонт үчүн өтө начар краска берип жатат.З.Розахунова атындагы орто мектебине ата-энелерден ремонтко акча топтоо кыйын. Эң негизгиси ремонт иштерине мектеп аябай муктаж.Ошондой эле А.Темур атындагы орто мектебинин жаңы окуу жылына жана кыш айларына даярдык көрүүнүн абалы боюнча мектептин директору Н.Ахмедова толук маалымат берди. Мектебибиз капитал ремонтко муктаж. 2018-2019-окуу жылдарда билим денгээлин жана кышка даярдык колдон келишинче жакшы.Араван району боюнча 5 мектеп акредитациядан өттү, ошол 5 мектептин ичинде А.Темур орто мектеби да акредациядан өттү. Бул маселе айылдык кенештин депутаттары тарабынан талкууга алынып бир добуш менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Розахунова жана А.Темур атындагы орто мектептеринде жаңы окуу жылына жана кыш айларына даярдык көрүүнүн абалы тууралу мектеп директорлорунун берген маалыматтары «Канааттандырарлык» деп табылсын.
Төрага | Г. Ахмадалиев |