НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нурабад айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 5-октябры № 15-03
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мөөнөтү бүткөн КБФ-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кайрадан ижарага берүү жана баштапкы наркын белгилөө жөнүндө
Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мөөнөтү бүткөн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фонд жерлерин кайрадан ижарага берүү жана баштапкы наркын белгилөө боюнча айылдык кеңешинин депутаттары бир добуш менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мөөнөтү бүткөн КБФ-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кайрадан ижарага аукцион аркылуу берилсин.
2. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мөөнөтү бүткөн КБФ-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кайрадан ижарага берүү боюнча жерлердин баштапкы наркы
1-категориядагы жерлер үчүн -8000(сегиз миң) сом,
2-категориядагы жерлер үчүн- 6000(алты миң) сом болуп белгиленсин.
3. Нурабад айыл өкмөтүнүн аймагындагы мөөнөтү бүткөн КБФ-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кайрадан ижарага берүү боюнча жерлерге аукционго катышуучулар баштапкы баанын 30 % кепилдик төлөмүн төлөшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Г. Ахмадалиев |