Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 15-05
Кайрагач-Арык айылынын тургуну Халбекова Монисхандын өзүнүн менчигиндеги Кайрагач-Арык айылында жайгашкан МТП ичиндеги 0,06га жерине Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бекитилген башкы планды турак-жай багытына которуу үчүн уруксат берүүнү сурап жазган арызын окуп, депутаттарга талкууга салынды. Ушул арызды депутаттар карап чыгып Нурабад айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын 15-сессиясында бир добуш менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач-Арык айылынын тургуну Халбекова Монисхандын арызы канааттандылырып, мурдагы МТП ичиндеги 0,06га жерине Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бекитилген башкы планды мурдагы МТП ичиндеги жер тилкесин турак-жай багытына которууга уруксат берүү жагы айыл өкмөт жетекчилигинен суралсын.
2. Турак-жай багытына которулган башкы планды Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан чиймесин чийип каттоодон өткөрүп берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Г. Ахмадалиев |