Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 15-08
Какыр-Пилтан айылынын тургуну Абдикасимов Салынын өзүнө тиешелүү эски малканадагы вет.аптека багытындагы менчик 1444,0 чарчы метр жер тилкесин максаттуу багытын турак-жай багытына өзгөрүүнү жана ал жерди неберелери Абдкосимов Алишер менен Абдукасимов Дилмуроддарга 722,0 чарчы метрден бөлүп берүүнү сурап жазган арызы окуп, (арызга Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 06.08.2018-жылдагы № 77-2018-сандуу техникалык корутундусужана башкы план долбоору тиркелет) депутаттарга талкууга салынды. Ушул арызды депутаттар карап чыгып, бир добуш менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Какыр-Пилтан айылынын тургуну Абдикасимов Салынын арызы канааттандылырып, эски малканадагы ветаптека багытындагы менчик 1444,0 чарчы метр жер тилкесин Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын турак-жай багытына которууго бекиткен, башкы план долбоорун негизинде бекитилген долбоору бекитилип турак-жай багытына которууго маакулдук берилсин.
2. Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы планы негизинде турак-жай багытына которулгон 0,1444га жер тилкесине турак-жай салууга уруксат берүү жагы айыл өкмөт жетекчилигинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Г. Ахмадалиев |