Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-октябры № 15-09
Какыр-Пилтан айылынын тургуну Темиров Мамасадык Караевич арыз жазып, 06.12.1999-жылы Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн № 84-3-сандуу токтому менен мурдагы Ленин атындагы айыл чарба кооперативина караштуу МТФнын өрт өчүрүү үйүн 0,06 га жер аянты менен мүлк үлүшүнө берилгенин, ошол жерди жеке тартипте үй куруу багыта өзгөртүү үчүн уруксат берүүнү суранган (Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн 06.12.1999-жылдагы №4-3-токтмун нускасын, Араван райондук мамкаттоо башкармалыгынын 16.06.2016-жылдагы Сериясы Ч № 646693 мамлекеттик актын көчүрмөсүн, Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 26.09.2018-жылдагы №14-2018 сандуу уруксат берүү кагазын көчүрмөсүн тиркеген). Арыз депутаттарга талкууга салынды. Ушул арызды депутаттар карап чыгып, бир добуш менен Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Какыр-Пилтан айылынын тургуну Темиров Мамасадык Караевичтин арызы канааттандылырып, мүлк үлүшүнө алган мурдагы Ленин атындагы айыл чарба кооперативина караштуу МТФнын өрт өчүрүү үйүнүн 0,06 га жер аянтына турак-жай куруу үчүн маакулдук берилсин.
2. Араван райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы планы негизинде турак-жай багытына которулгон 0,06 га жер тилкесине турак-жай салууга уруксат берүү жагы айыл өкмөт жетекчилигинен суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Г. Ахмадалиев |