Загрузка документа…
НУРАБАД АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели № 13-09
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигин,” Ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында мамлекттик тилди билген адамдардын көпчүлүгу жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнүн негизинде жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенкштин сессиясында ченмдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Нурабад айылдык Кенеши тарабынан кабыл алынган. “Ченемдик укуктук актылардын” долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нурабад айылдык кенешинин мыйзамдуулукту сактоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Г. Ахмадалиев |