Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 138
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдагы М.Сейталиев орто мектебинин, К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин кайрылуу катын окуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин Эмгек кабинетин иштетүүгө 11 миң сом акча каражатыжергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Айыл аймагындагы 2 мектептин ар бирине:
-К.Нанаев атындагы Арал орто мектебине 15 даана парта стулу менен,
-М.Сейталиев орто мектебине 12 парта стулу менен, алып берүүгө жергиликтүү бюджеттен 108 миң сом,
-ар бир мектепке компьютер принтери менен алып берүүгө жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мектептерге жаңы компьютер принтери менен сатып берүү, мектептин жайкы ремонт иштерине материалдык жардам берүү жергиликтүү бюджеттин тиешелүү статьялары боюнча аткаруу жагы каржы- экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Изабаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |