Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 139
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдагы Абу-Бакир мечитинин имамы Нурманбетов Ысабектин жазган арызын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдагы 3 мечиттин ( Такыбай уулу Байырбек мечитинен башка) пайдаланылган электр энергиясына кеткен чыгымды төлөөгө жергиликтүү бюджеттен 45 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |