Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 140
«Арал айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө»
Арал айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетин бекитүү максатында, Арал айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагынын 2019-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 13473,2 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 13473,2 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Арал айылдык аймагынын 2019-жылдагы киреше булагы № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
3. Арал айылдык аймагынын 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча № 2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
4. Арал айыл аймагынын 2019-жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү № 3 тиркеменин негизинде белгиленип бекитилсин.
5. Арал айылдык аймагынын 2019-жылдагы бюджетинин чыгаша боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. 2019-жылга карата Арал айыл аймагынын чыгашаларынын бюджетин көлөмүнөн 129,8 мин сомдун көлөмүндө резервтик фонд түзүлсүн. (тиркеме №5 тиркелет.)
7. Арал айылдык кенештин 2019-жылдагы бюджеттинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын каржы министирлиги тарабынан берилген 2020-жылга 10204,6 мин сом,2021-жылга 10206,6 мин сом.
9. Cоциалдык- экономикалык өнүгүүнүн божомолуу бекитилсин.
10.Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти кирешелер бөлүгүн чындоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйындар киргизилсин, алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
11.Жергиликтүү салыктар:
А) Жеке тараптан алынуучу салык сугат жерлерге 309 сом, кайракы жерлерге 54,60 көп жылдык бак – дарактарга 170,56 сом, шалба жерлерге 11,50 жайыт жерлерге 4,80 ар бир гектарга өлчөмүндө бекитилсин.
Б) Жеке тараптан алынуучу огород салыгы, 1 гектарга 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
В) Айыл чарба эмес жерлерден алынуучу салык кодексинин 33- статьясын аылайык белгиленсин.
12.Мүлк салыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
13.Кыймылдуу мүлккө салык Кыргыз Республикасынын 197-статьясынын негизинде салыктын бул түрүн менчик авто транспорттору жана айыл чарбатехникалары бар, Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана гражданствосу жок жактар төлөөчү болуп эсептелет. Салык чегерүү объектиси жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 198-статьясынын негизинде жүргүзүлсүн
14.Жалпы мамлекеттик салыктар: Сатуудан түшкон салык Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
15.Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
16.Салыктык эмес кирешелер: Мунципиалдык менчиктеги КБФ жерлеринин ижара акысынын негизинде бекитилсин .
Юстиция органдары алууучун мамлекеттик алым мыйзамдын негизинде алынсын.
Административдик айыптар мыйзамдын негизинде алынсын.
17. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча калган эркин каражаттын эсеби 1500,0 мин сом;
18. Арал айыл аймагынын мекеме-уюмдары жыл ичинде каржылоого, чыгымдарына зарыл болгонучурда, бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга, чейректен чейрекке жылдыруу жагы Арал айыл аймагынын финансы- экономика бөлүмүнүн башчысына Г.Изабаевага жүктөлсүн жана такталышын райондук финансы бөлүмүнө билдирип туруусу талап кылат.
19. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Арал айыл кенешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
20. Арал айылөкмөтүнүн муниципальдык менчикте турган мекемелер түзүлгөн реестр негизинде бекитилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |