Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 143
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдагы “Андашсуу” СПАсынын башчысы Жунушалиев Карыпбек лоток алмаштырууга акча каражатын сурап жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдагы “Андашсуу” СПАсынын башчысы Жунушалиев Карыпбектин лоток алмаштырууга жазган арызы канаатандырылып, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |