Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 144
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Спорт оюндарына акча каражатын бөлүү жөнүндөгү арыздарды карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл ичинде райондук жана облустук деңгээлде өткөрүлүүчү спорттук оюндарга айылдан командаларды алып барууга жергиликтүү бюджеттен 80(сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаты курамында жаштарды, ар кандай курактагы спорт сүйүүчүлөрдү камтыган спорт комитети түзүлүп, акча жаңы түзүлгөн комитетке берилсин.
3. Айылда спорт комитетин түзүү жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |