Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 148
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл тургуну, Көчөрбаев Салмоорбектин туберкулёз оорусунан дарыланууга акча каржатын сураган арызын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл тургуну, 2-топтогу майып, Көчөрбаев Салмоорбектин туберкулёз оорусунан11 дарыланууга сураган акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 миң сом өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Айыл аймагындагы туберкулёз оорусуна чалдыккан , №8 УДТ да каттоодо турган айыл тургундарынын дарылануусуна жергиликтүү бюджеттен ( ар бир каттоодо турган туберкулёз оорусуна чалдыккан айыл тургундарына 10 миң сомдон) акча каражаты калтырылсын. Дарыланууга арыз менен кайрылганда гана сессияда каралып бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |