Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 149
Мекеме-уюмдардын кайрылууларын кароо
Арал айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын Аялдар Кеңешинин, Аксакалдар Сотунун, Аксакалдар Кеңешинин сапаттык курамын бекитүү жана уюштуруу иш-чарларына барууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү арыздарын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук уюмдардын Аялдар Кеңешинин Аксакалдар Сотунун, Аксакалдар Кеңешинин сапаттык курамы бекитилсин.
2. Коомдук уюмдарга келип түшкөн арыз даттанууларды жеринде кароого, ар кандай райондук , облустук деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларга катышууга жергиликтүү бюджеттен 10 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |