Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 151
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айыл тургуну Алканов Калнурбектин Жорголот өзөнүнө кеткен тараптагы Талас суусуна салынган көпүрөгө ат коюу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Жорголот өзөнүнө кеткен тараптагы Талас суусуна салынган көпүрө “ Алканов Жалалкан” атындагы көпүрө деп аталсын.
2. Арыз ээсине жыл сайын көпүрөнү ремонттоо жана көзөмөлгө алып туруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |