Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2019- жылдын 16-февралы № 152
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Айылдагы “Актан” жеке Вет. Сервисинин жетекчиси Найзабеков Бакбуркандын мал чарбасын өнүктүрүүгө жасалма уруктандыруу ишин жандандырууга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында мал чарбасын өнүктүрүүгө жасалма уруктандыруу ишин жандандырууга жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Асанов |