Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры № 41
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобо жөнүндө жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Агенттик) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Типтүү жобо бекитилсин (1-тиркеме).
2. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобо бекитилсин (2-тиркеме)
3. Кабыл алынган токтомду көзөмолгө алып аткаруу жагы Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы З.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Айдаров |