Загрузка документа…
АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-декабры №39
Айдаралиев айылдык кеңешинин этикалык кодексин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү кеңештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин,өброюн жогорулатуу, депутаттардын жергиликтүү кеңештердеги ишмердиктериндеги, шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык таратптар менен өз ара мамилелериндеги жана өз алдынча чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобонун 6-пунктун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык Айдаралиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексине ылайык иштелип чыккан Айдаралиев айылдык кеңешинин типтүү этика кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду көзөмёлгө алып аткаруу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Жолдошбек уулу Тимурга жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Айдаров |