Редакцияот 22.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 22-январы № 61

Май айылдык аймактык кенешин кайрадан атоо, Уставын кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө

Май айылдык аймактык кенешинин уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтируу максатында, 2011-жылдын    16- июлундагы Уыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21,31,65-беренелеринин негизинде Май айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Талас облусунун Манас районунун “Май айылдык аймактык кенеши” Май айылдык кеӊеши болуп кайрадан аталсын жана Уставы жаӊы редакцияда кыргыз тилинде кабыл алынсын.(1-тиркеме)

•    Май айылдык кеӊешинин толук фирмалык аталышы:

•    мамлекеттик тилде: Талас облусунун Манас районунун “Май айылдык кеӊеши” мекемеси

•    расмий тилде: Учреждение “Майский айылный кенеш” Манасского района Таласской области.

2.  Май айылдык кеӊеши тийиштуу мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскуловго жүктөлсүн.

Кеӊештин чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда,юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгапндыгы ырасталат.

Төрага

Өзүбеков И.