МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 60
Май айыл өкмөт башчысынын маалыматы жана Май айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Май айыл өкмөт башчысынын (К.Рыскулов) 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап жана ошондой эле Май айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткара турган иш планын бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып Май айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айыл өкмөт башчысы К.Рыскуловдун 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө маалыматы канааттандырарлык деп табылсын;
2. Май айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата аткара турган иш планы бекитилсин
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Май айыл өкмөт башчысы К.Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |