Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 56
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып Май айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Май айыл өкмөтүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим бекитилсин;
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Май айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Джаналиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Өзүбеков И. |