Загрузка документа…
МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы №4
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө Эл депутаттарынын
Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 4768,8 мин сом өлчөмүндө жана чыгаша бөлүгү боюнча 4768,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кара-Суу айылдык аймактык Кенешинин 2019-жылга бюджетинин киреше булагы №1тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө
турганы аныкталсын.
3. Кара-Суу айылдык аймактык Кенешинин 2019-жылга чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык булактардан турары белгиленип бекитилсин.
4. Кара-Суу айылдык аймактык Кенешинин бюджетинин 2019-жылга бюджеттин накталай кассалык жүгүртүү акча каражаттарынын көлөмү № 3 тиркеменин негизинде
белгиленип бекитилсин.
5. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңештин 2019-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
6. 2019-жылга карата айылдык аймагы боюнча резервдик фонд 48,0 бардык кирешенин 1% эсебинде түзүлсүн, чыгашанын аткарылышы боюнча козөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн. № 5 тиркеме түзүлсүн.
7. Кара-Суу айылдык аймактык Кеңештин 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 6 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
8. Жайыт комитетинин 2019-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 200,0 сом жана чыгаша бөлүгү үчтөн эки бөлүгү 133,0 сом өлчөмүндө жайыт комитетинде, үчтөн бир бөлүгү 67,0 сом айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилсин.
9. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү
айылдык аймактык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
10. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти
кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар
киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.Элге кызмат көрсөтүүдөн чекене товар жүгүртүүдөн алынуучу салык (Кыргыз Республикасы салык кодексинин 195-статьясынын негизинде)
-салык төлөөчүүлөр болуп элге кызмат көрсөткөн жана чекене товар жүгүркөн юридикалык жана физикалык жактар эсептелет.
-магазиндер жана киоскаларда иш алып барган ишмерлер үчүн айына чекене товар жүгүртүүнүн суммасын хранометраж аркылуу аныкталсын.
2. Транспорт ээлерине алынуучу салык менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары чет өлкөлүк граждандар жана гражданствосу жок жактар салык төлөө болуп эсептелинет.Салык чегерүү объектиси жана өлчөмү КР нын салык кодексинин 198-статьясынын негизинде жүргүзүлсүн. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин.
11.Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдары жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүм башчысына жүктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара-Суу айыл Кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |