Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-январы № 24-1
Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштүрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кеңейтүү максатында түзүлгөн вертикалдык белгилерин жана бөлүштөрүү чиймелерин камтыган калктуу конуштун генералдык планынын долбоорун бекитүү жөнүндөгү” № 14-4 сандуу токтому менен сунушталган 96,23 гектар жер аянтынын ичинен №1014 сандуу контурундагы- 0,46 гектар водопроводдук станциясынын жер аянты, №1015 сандуу контурундагы - 3,05 гектар чөп сактоочу жер аянты, №1040 сандуу контурундагы - 0,32 гектар шагыл жана №1070 контурдагы - 0,28 гектар ыңгайсыз жер, жалпысы болуп 4,11 гектар жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясында каралбагандыгына байланыштуу, аталган токтомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
- Айтамга айылынын күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “20,01 гектар”;
- Додоң айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “11,64 генктар”;
- Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “45,48 гектар”;
- Толман 1 (Жабылы) бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “0,90 гектар”;
- Авиз 1 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “ 4,1 гектар;
- Авиз 2 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “14,1 гектар” деген сөздөр алынып салынсын.
- “жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 96,23 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын” деген сөз “жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 92,12 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.
1-пунктуна;
- “жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн” деген сөз “жалпысы болуп 92,12 гектарды түзгөн” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.
2-пунктуна;
- “жалпысы болуп 96,23 гектарды түзгөн” деген сөз “жалпысы болуп 92,12 гектарды түзгөн” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.
Төрага | М.Абдырахманов |