Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 24-2
Төөлөс айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын “Калктуу конуш” категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү” № 14-5 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2014-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын “Калктуу конуш” категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү” № 14-5 сандуу токтому менен сунушталган 96,23 гектар жер аянтынын ичинен №1014 сандуу контурундагы- 0,46 гектар водопроводдук станциясынын жер аянты, №1015 сандуу контурундагы - 3,05 гектар чөп сактоочу жер аянты, №1040 сандуу контурундагы - 0,32 гектар шагыл жана №1070 контурдагы - 0,28 гектар ыңгайсыз жер, жалпысы болуп
4,11 гектар жер аянтын бир категориядан башка категорияга которуу (трансформациялоо) маселеси Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясында каралбагандыгына байланыштуу, аталган токтомго өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2009-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын “Калктуу конуш” категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү” № 14-5 сандуу токтомунун преамбуласындагы;
- Айтамга айылынын күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “20,01 гектар”;
- Додоң айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “11,64 генктар”;
- Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “45,48 гектар”;
- Толман 1 (Жабылы) бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “0,90 гектар”;
- Авиз 1 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “ 4,1 гектар;
- Авиз 2 бөлүмүнөн деген сөздөн кийинки “14,1 гектар” деген сөздөр алынып салынсын.
- “жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 96,23 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын” деген сөз “жалпысы болуп калктуу конуштарды кеңейтүү максатында 92,12 гектар таштуу жайыт жерлерин, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын” деп өзгөртүү киригизилип окулсун.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2009-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын “Калктуу конуш” категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү” № 14-5 сандуу токтомунун 1-пунктуна;
- Күнгөй бөлүмүнөн контур деген сөздөн кийин “№1015 3,05 га МТФнын чөп сактоочу жер аянты, контур №1014 0,46 га вд. пр. станция”;
- Контур №1011 0,11 га таштуу жайыт деген сөздөн кийин “бардыгы болуп 20,01 гектар”;
- Контур №353 8,24 га таштак жайыт деген сөздөн кийин “бардыгы 10,76 гектар”;
- Контур №1037 0,4 га кысыр аңыз деген сөздөн кийин “45,48 гектар”;
- контур №174 4,98 га таштуу жайыт деген сөздөн кийин “бардыгы 19,08 га”;
- Толман айылынын Күнгөй бөлүмүнөн контур деген сөздөн кийин “№1070 0,28 га ыңгайсыз жер”;
- Контур №1058 6,65 га таштуу жайыт деген сөздөн кийин “Контур №1040 0,32 га шагал” деген сөздөр алынып салынсын.
- Жалпысы болуп деген сөздөн кийин “96,23 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын” деген сөздөрдүн ордуна “92,12 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын” деп өзгөртүү киргизилип окулсун.
3. Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин 2009-жылдын 3-майындагы “Төөлөс айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү максатында жер аянттарын “Калктуу конуш” категориясына которуу жана макулдук берүү жөнүндөгү” № 14-5 сандуу токтомунун 2-пунктуна;
- Жалпысы болуп деген сөздөн кийин “96,23 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, ыңгайсыз жер, эски кормоцехтин орду жана МТФнын чөп сактоочу жер аянттарын” деген сөздөрдүн ордуна “92,12 гектарды түзгөн таштуу жайыт, кысыр аңыз, эски кормоцехтин орду жер аянттарын” деп өзгөртүү киргизилип окулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, транспорт, энергетика,, өнөр жай, жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |