Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 24-6
Айылдык кеңештин 2019-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Төөлөс айылдык кеңешинин 2019-жылга карата иш пландары бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Иш пландарынын убагында жана сапаттуу аткарылышы боюнча иш алып баруу, айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы,айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук,мандат,укук,дин иштери жана депутаттык этика боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |
Төөлөс айылдык кеңешинин
VI-чакырылышынын кезексиз
24- сессиясынын №24-6
токтомуна тиркеме.
к № | Аткарылуучу иштердин мазмууну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Депутаттардын жеке иш пландарын бекитүү | 1-кв. январь | Төрага,төраганын орунбасары |
2 | Туруктуу комиссияларынын иш пландарын бекитүү | 1-кв. январь | Төрага,төраганын орунбасары |
3 | Айыл аймагында 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү”жылына карата аткарылуучу иштер жөнүндө | 1-квартал | Туруктуу комиссия |
4 | Айыл аймагындагы электр тармактар ишканасынын аткарып жаткан иштери боюнча | 1-квартал | Туруктуу комиссия |
5 | 2019-жылга карата айыл аймагындагы көрктөндүрүү,жашылдандыруу иш чараларынын аткарылышы жөнүндө | 2-кв. май | Туруктуу комиссия |
6 | Билим берүү мекемелериндеги 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыктары жана мектептердин ремонт иштерине даярдыктары жөнүндө | 2-кв.июнь | Туруктуу комиссия |
7 | Айыл аймагынын саламаттыкты сактоо тармагындагы аткарылып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Туруктуу комиссия |
8 | Айыл аймагында иштеп жаткан “Төөлөс суусу”, “Төөлөс-Ноокат” СПАсы жана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 3-квартал | Туруктуу комиссия |
9 | Балдар бакчаларындагы жүргүзүлүп жаткан иштер жана жалпы мекеме ишканалардын кышка даярдыгы боюнча. | 3-квартал | Туруктуу комиссия |
10 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жана жеке депутаттардын отчеттору жөнүндө. | 4-квартал | Төрага,төраганын орунбасары |
Төөлөс айылдык кеңешинин төрагасы М.Абдырахманов