ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 24-5
Айыл аймагындагы калктуу конуштарга,айыл статусун алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 9-пунктуна ылайык.
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айыл аймагынын Меркит айылына караштуу Карагечит,Жабылы калктуу конуштарына, айыл статусун берүү боюнча иш кагазлары айыл өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына сунушталсын.
2. Мамлекеттик төлөмдөрдү камсыз кылуу жагы жергиликтүү бюджет эсебинен, бөлүнгөн беренелерге ылайык жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңештин «Экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Абдырахманов |