Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 175/29-7
Талас шаарынын 2019-жылга жергиликтуу бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан сунушталган Талас шаарынын 2019-жылга бюджетинин долбоорун жана 2020-2021-жылдарга болжолдуу планын Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджети кирешелерди жана атайын каражаттарды кошкондо 133435,6 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 133435,6 мин сом суммасында бекитилсин.
2. Талас шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 1- тиркемеге ылайык, киреше булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлсүн.
3. Талас шаарынын 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттин негизги көрсөткүчтөрдүн болжолу жактырылсын.( № 2,3 тиркеме тиркелет).
2020-жылга киреше боюнча болжолу 143101,6 мин сом
2021-жылга киреше боюнча болжолу 151742,6 мин сом
4.Талас шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашасын каржылоо 4-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
5.Талас шаарынын 2020-2021 жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн болжолу жактырылсын.(№ 5,6 тиркеме тиркелет).
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (айлык акы, соц.фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана майып балдарга жөлөк пулдар) жүргүзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджеттен 2018-жылы жетишсиз каржыланган бөлүгү 2019-жылга каралган каражаттардын эсебинен жана ал каражаттардын чектеринде компенсациялансын.
Мында эмгек акыга жана социалдык фондусуна чегерүүлөргө жумшалуучу чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
8.2019-жылдын 1-январынан шаардык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, шаардык бюджетке 600,0 мин сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
10.2018-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
а) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 70 пайыз, сатуудан түшкөн салыктан-50 пайыз өлчөмүндө;
б) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктан негизинде түшүүлөрдөн шаардын жергиликтүү бюджетинин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө;
в).жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан,(стратегиялык пайдалуу кендерди кошпогондо роялити) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаардын жергиликтүү бюджеттерине-50 пайыз өлчөмүндө.
11. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттер ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин. 12.Чыгашаларды коргоого алынган беренелери Депутаттардын Талас шаардык кенешинин токтомунун негизинде жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Жергиликтуу бюджеттен каржылануучу бюджет чыгашаларынын жалпы көлөмүн көбөйтүү жөнүндө же болбосо анын ресурстарын кыскартуу боюнча токтомдордун долбоорлору Талас финансы башкармалыгынын макулдугу менен гана кабыл алынсын.
Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо(пайдалануу) үчүн жоопкерчилик шаардык бюджеттик мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
13.Бюджеттик уюмдардын атайын каражаттарына сметаларында белгиленген суммалардан ашык түшкөн кирешелер толугу менен бюджеттик уюмдардын карамагында калтырылсын.
Шаардык бюджеттен каржылануучу мекемелерге атайын каражаттарды казыналыктан сырткары пайдаланууга тыйуу салынсын.Бул тартипти бузган учурда атайын каражаттардын баардык суммасы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.
14. Жергиликтүү бюджетте каралган акча каражаттар жыл ичинде бир бөлүмдөн башка бөлүмгө жылдыруу,трансферттерди бөлүштүрүү Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясында кабыл алынган токтомдорунун негизинде жүргүзүлсүн. Бюджеттик мекемелердин атайын счетунда каралган киреше бөлүгүн ашыра аткарган учурда киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин сметасында көрсөтүлгөн чыгымдарын жыл ичинде кварталдан кварталга, беренеден беренеге жылдыруулар Кыргыз республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин (кат аркылуу) макулдугу менен өзгөртүү киргизүүгө каржы башкармалыгы аркылуу(жүргүзүлсүн) аткарууга алынсын.
15.Зарыл болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясында жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетунда тиешелүү түзөтүүлөр бекитилсин.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын5-июнундагы №315 Токтомунун негизинде Талас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына кошумча 1 штаттык бирдиги киргизилсин.
17.Талас шаардык “Семетей” спорт клубу Республикалык Футбол федерациясы менен Меморандум түзүлгөндөн кийин каржылансын.
18. Талас шаардык “Жаңы-Багыт” редакциясын 2020-жылдан баштап этабы менен өз алдынча каржылоого өткөрүү жагы каралсын.
19. Талас финансы башкармалыгына (Ж.Ниязалиев) жыл ичинде шаардык бюджетине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, каржылоо жагы милдеттендирилсин.
20. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруубоюнча” туруктуу комиссиясына (Мүсүралиева Н.С .) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |