Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 176/29-7
2018- жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин негиздери жөнүндө” мыйзамынын 44-беренеси, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 29.01.2019-жылдагы № 01-1/151 сандуу 2018-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 6 741, 1 сом акча каражатын бөлүштүрүү боюнча катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушун карап талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 6 741, 1 миң сом акча каражатын төмөндөгүдөй бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
-Согуштун жана эмгек ардагерлеринин Талас шаардык коомдук бирикмесине 200,0 миң сом түзүлгөн сметанын негизинде, Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Шаардык билим берүү бөлүмүнө жана чет тилдер лицейине ар кандай чыгымдар беренесине мугалимдердин медициналык кароодон өтүү жана коммуналдык чыгымдарды төлөө үчүн Талас шаардык билим берүү бөлүмүнө 320,0 мин сом билим берүү бөлүмү аркылуу, 30,0 миң сом чет тилдер багытындагы лицейи аркылуу каржылансын.
-Талас шаарынын мектептер жана лицейлер арасында облустук жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды камсыздаган окуучуларды жана мугалимдерди акчалай сыйлоо үчүн 300 ,0 мин сом акча каражаты Депутаттардын Талас шаардык кеңеши аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Үмөт Молдо көчөсүндө жайгашкан православдардын жана мусулмандардын көрүстөнүн курчоого 200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- 2020-жылы эл жана турак жай фонддорун каттоого даярдык көрүү иш чараларына 50,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын аймагындагы бардык түрдөгү чарбаларда болгон мал жана үй канаттууларын иш жүзүндө жылына бир жолу санактан өткөрүү үчүн 59,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас каржы башкармалыгына сатып алуу, унаа жана ар кандай чыгымдар беренесине 200,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун жылуулук системасын оңдоо үчүн жалпы суммасы 2 774 040 сомду түзгөн үлүштүк дем берүүчү долбоорго өздүк салымы үчүн 307,7 миң сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсү менен А.Алдашүкүров көчөсүнүн кесилишине светафор орнотууга 700,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы борбордук стадионду жарыктандыруу үчүн прожекторлорду орнотууга 200,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык сотунун 2018-жылдын 28-ноябрындагы № ГД-433/18Т5 чечиминин негизинде Сопалиев Майрамбектин пайдасына материалдык зыян үчүн 371, 2 миң ( үч жүз жетимиш бир миң эки жүз) сом жана мамлекеттин пайдасына мамлекеттик алым үчүн 35, 020 миң (отуз беш миң жыйырма)сом жана почталык чыгым үчүн 150 ( жүз элүү )сом жалпы 406,4 миң (төрт жүз алты миң төрт жүз) сом акча каражаты төлөнсүн
жана Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүнөн башталган Ж.Мырзалиев көчөсүн 1-май көчөсүнө чейин тротуарларды жасоого 248,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
-Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүн, И.Сарыгулов көчөсүнөн Ж.Мырзалиев көчөсүнө чейин абаттоо иштерине 3 520,0 миң сом акча каражаты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) жүктөлсүн.
Төрага | М.Есенкулов |