Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 177/29-7
Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын имараттар жана курулуш ( 3111) беренесине бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 32-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө Депутаттардын Талас шаардык кенешинин №175/29-7 сандуу токтомунда бекитилген Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 7062 разделиндеги Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын (3111) имарат курулуш беренесине каралган 12 893,7 миң сом акча каражаты төмөдөгү курулуш иштерине жумшалсын.
-Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясын абаттоого 3 038,0 миң сом акча каражаты (курчоо, бордюр, лоток, сквер)
-Талас шаарындагы А.Оторбаев көчөсүн 180 метр аралыкты (Ч.Сатаева жана К.Нуржанов аллеясынын кесилишине чейин) бетондоо иштерине 98 ,0 миң сом;
-Талас шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жанына таштанды таштоочу 100 контейнерлер үчүн жайларды орнотууга 1 510,0 миң сом;
-Талас шаарынын (Сарыгулов, Ш.Шеркулов, Токтогул, К.Жаманкулов)көчөлөрүнө жарыктандыруу прожекторлорун жана карагайларын орнотууга 1 072,0 миң сом;
-Талас шаарынын (Сарыгулов, Ш.Шеркулов, Токтогул, К.Жаманкулов) көчөлөрүндөгү жарык берүүчү прожекторлорго счетчиктерди орнотууга жана СИП проводдорду тартууга 1 564,0 миң сом;
-Талас шаарынын ички көчөлөрүнө жол белгилерин жасатуу үчүн (86 шт х 2000с) 172,0 миң сом;
-Талас шаарынын ички көчөлөрүнө жол белгилери үчүн стойкаларды орнотууга 119, 4 миң сом;
-Талас шаарынын ички көчөлөрүнө лежачий полицейскийлерди жасоо үчүн 240,0 миң сом;
-Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын имаратын капиталдык оңдоп түзөө иштерине 1 500,0 миң сом;
- Беккера чуңкурун курууга 600,0 миң сом;
-Талас шаарындагы Ж.Мырзалиев көчөсүн абаттоого 2 480,3 миң сом;
-Талас шаарынын ички көчөлөрүнө 400 даана таштанды таштоочу урналарын жасап орнотууга 500,0 миң сом;
2. Токтомду аткаруу боюнча көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык мэриясынын биринчи вице-мэрине (Д.Курманалиев) тапшырылсын жана токтомдо белгиленген курулуш иштерине жумшалган акча каражаттарын максатуу пайдалануу жагы Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын жетекчисине( Э.Аскаров) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Кыдырбаева Т.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |