ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 179/29-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 14.11.2018- жылдагы №150/25-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2019-жылдын 11-январындагы №09-86 сандуу жана Талас шаардык мэриясынын 30.01.2019-жылдагы №01-5/167 сандуу каттарынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан 600 кв.м. участогундагы жалпы курулуш аянты 52,2 кв.м. муниципалдык турак жайды Талас шаардык мамлекеттик архивинин балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө №150/25-7 сандуу токтомунун 1-пунктуна: ”мамлекеттик менчикке өткөрүүгө макулдук берилсин” деген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Кыдырбаева Т.Ж.) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Кыдырбаева Т.Ж.) милдеттендирилсин.
Төрага | М.Есенкулов |