Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 180/29-7
Талас шаарына шаардык статистика бөлүмүн ачууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүмү, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча мэриясынын 08.02.2019-жылдагы № 01-1/245 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына шаардык статистика бөлүмүн ачууга макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кеңешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын трайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |