ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 181/29-7
Талас шаарынын К.Нуржанов аллеясына Манас Атанын айкелин орнотуу үчүн 0,18 га жер аянтын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2-бап 1.2 пунктунун 1-5-пунктчалары, Талас шаардык мэриясынын 08.02.2019-жылдагы №01-5/246 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясына, Бердике баатыр көчөсүнүн түндүк тарабына Манас Атанын айкелин орнотуу үчүн 0,18 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясына, Бердике баатыр көчөсүнүн түндүк тарабына Манас Атанын айкелин орнотуу үчүн 0,18 га жер аянты боюнча мыйзам талаптарына ылайык, тиешелүү кызматтык документтик иш кагаздарды тактоо боюнча ишти көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясына (Джузупбеков А.Ж) тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин башкы адисине (Кыдырбаева Т.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Байгараев Р.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |