Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 182/29-7
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы №3/1-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 2 бөлүмүнүн 3,7 пункттарына ылайык, Талас шаардык кенешинин фракцияларынан келген сунуштардын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары “Айкөл” фракциясынан депутат Байзаков Нурусланбек Тургуналиевич өз арызы менен депутаттык мандатын тапшыргандыгы үчүн, “СДПК” фракциясынан депутат Ырсалиева Ирина Калыгуловна өз арызы менен орун басарлык ордун тапшыргандыгына байланыштуу, Талас шаардык кенешинин көпчүлүк коалициясынын сунушунун негизинде Токтогулова Раушан Турсуновна жана азчылыктын сунушу менен “Айкөл” фракциясынан Ибрагимов Нурлан Саатбекович Талас шаардык кенешинин төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун атарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.
Төрага | М.Есенкулов |