Редакцияот 14.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы

2019-жылдын 14-февралы № 183/29-7

Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09.09.2013-жылдагы №499 сандуу токтому жана Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 13.02.2019-жылдагы №01-1/276 сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгына иш кагаздарын алып баруучу-архивариус бир штаттык тейлөө кызмат ордун ачууга макулдук берилсин.

2.    Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын 2019-жылга карата штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук -ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Есенкулов