Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы
2019-жылдын 14-февралы № 185/29-7
Депутаттардын сессиялардын ишине катышуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-7 пункту, ушул мыйзамдын 33-беренесинин 4-5-пункттары, Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык аданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын № 1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын Талас шаардык кенешинин депутаттардын сессияларга катышуусу жана туруктуу комиссиялардын ишин жакшыртуу жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Талас шаарынын депутаттары А.Сүйүнтбеков, А.Асаналиев, Р.Байгараев, Б.Кутманов, Н.Тургунбеков, Т.Жумабеков жыл ичинде сессиялардын ишине активдүү катышкандыгы жана жалпы депутаттардын ар тараптуу активдүүлүгүн күчөтүү жагы белгиленсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |