Редакцияот 14.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылыштагы кезектеги XXIX сессиясы

2019-жылдын 14-февралы № 186/29-7

Талас шаарынын мектептеринде окуучуларга смартфон уюлдук телефондорун колдонууга тыюу салуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 31.12.2018-жылдагы №08-989 катына тиркелген Балдарга карата ырайымсыз мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча методикалык Нускамасы, Талас шаардык кенешинин депутаттарынын расмий сунушунун негизинде, мектеп окуучуларына смартфон уюлдук телефондорун билим берүү имаратынын аймагында колдонууга тыюу салуу жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Талас шаарынын мектептеринде окуучуларга смартфон уюлдук телефондорун колдонууга тыюу салынсын.

2.  Талас район, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Б.Керимбаев) мектептерде смартфон уюлдук телефондорун пайдаланууга тыюу салуу маселеси, окуучулардын билим алуусуна терс таасир тийгизбөө жана жаш өспүрүмдөр арасында виртуалдык жашоого зомбулук, мыкаачылык жана суицид кылмыштарын алдын алууга багытталгандыгы жөнүндө жалпы ата энелерге жана мектеп окуучуларына практикалык түшүндүрүү иш чараларын өткөрүү жагы милдеттендирилсин.

3.  Токтомду аткаруу жана ага карата көрүлгөн иш аракеттерди көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаарынын вице мэрине (А.Күрүчбекова) тапшырылсын.

4.  Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кенешинин башкы адисине (Т.Кыдырбаева) милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.

 

Төрага

М.Есенкулов