Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы № 189/30-7
Талас шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктунун 9-пунктчасы, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 2-бап, 2.2 бөлүмүнүн 2-пунктчасы, 11- бап, 11.5 11.6 бөлүмдөрүнө ылайык, 2019-жылдын 20-февралындагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин кезексиз XXX сессиясында каралган Талас шаарынын мэри А.Джузупбековго ишенбестик көрсөтүү боюнча Эсептөө комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгынын негизинде, Талас шаардык мэрине ишенбестик көрсөтүү боюнча депутаттардын жалпы санынын мыйзамда көрсөтүлгөн үчтөн эки добушун албагандыгы жөнүндө Эсептөө комиссиясынын протоколдук чечими бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны-Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
Төрага | М.Есенкулов |