Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 11/1
Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылууда түзүлгөн шарттар боюнча айыл өкмөтүнүн 11 ай ичинде жүргүзгөништерининабалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылууда түзүлгөн шарттар боюнча айыл өкмөтүнүн 11 ай ичинде жүргүзгөништеринин айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин иш-аракеттерин камсыз кылуу боюнча айыл өкмөтүнун 11 ай ичинде аткарган иштеринде жетишкендиктер менен кошо айрым кемчилдиктерге жол берилгендигин эске алуу менен канааттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди четтетүү жагын колго алуу аркылуу билим берүү мекемелериндеги тарбиялануучулардын билим алуу шарттарын жакшыртууну дайыма көзөмөл жүргүзүп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго жана билим берүү мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, коммуналдык менчик, саламаттыкты сактоо, маалымдуулук, жаштардыништери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасыУ.Ажимаматов) тапшырылсын.
Төрага | Н.Жолдошов |